Ссылки доступа

Башкы санитардык дарыгер: Алия Назарбаеванын китебинин бетачарында карантин эрежелери бузулган эмес


Алия Назарбаеванын китеби.
Алия Назарбаеванын китеби.

Сентябрда карантиндик чектөөлөр күчүндө болуп турганда Алматыда өткөн Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын китебинин бетачарында санитардык эрежелер бузулган эмес. Бул тууралуу шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик опера жана балет театрынын имаратында өткөн иш-чарада бардык сактык чаралары көрүлгөн.

"Катышуучулардын бардыгы эмдөөдөн өткөн жана акыркы 72 саттын ичинде тапшырган ПЧР-тесттери таза чыккан", — деди Бекшин.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы иш-чаранын катышуучулары имараттын ичинде беткап тагынган-тагынбаганы боюнча суроо узатты. Буга чейин интернетке жарыяланган сүрөт жана видеолордо эч ким беткап тагынбаганы жана социалдык аралык сакталбаганы байкалган.

"Азырынча далилдерди ала элекпиз. Тактап айтканда, бизге материалдар, түшүндүрмөлөр келе элек", — деди Бекшин.

Алия Назарбаеванын "Күч-кайрат мекени" аттуу китебинин бетачары Алматыда 16-сентябрда өткөн. Ал маалда коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча шаар "кызыл зонада" жайгашып, массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат жок болчу. Орусиялык артист Максим Галкин алып барган бетачарда казакстандык белгилүү ишкерлер, актерлор жана башка атактуу адамдардын жүргөнү байкалган. Анда Алматы шаарынын Санитардык эпидемиологиялык кызматы мониторинг жүргүзүү тобу бул материалдарды изилдеп жатканын билдирген.

Сентябрда соцтармактарга депутат Бекболат Тлеухан, мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы, Өскемен шаарынын акими Жаксылык Омар жана эстрада жылдыздары катышкан иш-чаранын сүрөттөрү жарыяланган. 6-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрайымы Айжан Есмагамбетова "азыркы мыйзамдар менен" иш-чаранын уюштуруучуларын "жоопкерчиликке тартууга негиз жок экенин" билдирген. Жергиликтүү басылмалар Нур-Султандын четиндеги эс алуу жайында өткөн иш-чараны президенттик администрациянын аткаминери уюштурганын жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG