Юристтердин бири Акимбек Маматов "Азаттыкка" 6-октябрда Ош-Москва каттамы менен учуп барган кыргызстандыктардын текшерүүсү аяктап, 7-октябрдагы таңкы рейстегилер Орусиянын Чек ара кызматы тарабынан текшерилип жатканын айтты.
"Чек ара кызматынын жетекчилигинин айтуусу боюнча Кыргызстандан келген айрым жарандар аты-жөнү, фамилиясын өзгөрткөн же жаңы паспорт алгандарды көбүрөөк текшерип жатышыптыр. Биз жарандар менен сүйлөшсөк, 6-октябрда келгендер жок экен, 7-октябрдагы каттам гана текшерилүүдө".
Элчиликтин өкүлдөрү Шереметьево аэропортунун жетекчилигинен бир нече саат турган кыргызстандыктарга ысык тамак-аш берүүнү өтүндү.
Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктамак. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскерткен.
Мындай документтери толук болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.
Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.