Ссылки доступа

НАТОнун баш катчысы: орусиялык миссиянын сегиз мүчөсү атайын кызматтын өкүлдөрү болушкан


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык альянстагы орусиялык миссиянын сегиз мүчөсү "чалгын кызматына тиешеси бар" деген негиз менен аккредитациясынан ажыратылганын ырастады.

Столтенберг орусиялыктарды кетирүү чечими "кайсыл бир окуяга байланыштуу кабыл алынбаганын" айтты. Ал НАТОнун өкүлдөрү "акыркы кездери Орусиянын зыяндуу ишмердүүлүгү көбөйгөнүн байкаганын" жана бул чечим жооптук чара болгонун белгиледи.

Күн мурун орусиялык сегиз дипломат аккредитациясынан ажыратылып, дагы эки кызматкердин орду кыскартылганы кабарланган. Муну менен НАТОдогу орусиялык миссия 20дан 10 кишиге чейин азайды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул боюнча комментарий берип, Москвада НАТО менен мамилелерди оңдоо жана сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү боюнча эч кандай иллюзия калбаганын билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова НАТОнун бул чечими Москваны таң калтырганын, бирок күтүүсүз болбогонун айтып, буга “жооптук чаралар” болорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG