Өзбек министри "Талибандын" өкүлү менен транзит, энергетика жана соода маселелерин талкуулаганы кабарланды.
Талибдер Ооганстанды өз көзөмөлүнө алган 15-августтан бери Өзбекстандын жогорку даражалуу өкүлүнүн алгачкы ирет Кабулга барышы.
Абдула Каххор Балхи өзбек министри "эркин көчөлөрдү, коопсуз шаарды көргөнүнө кубанычта" экенин жазды.
Өзбекстандын өкмөтү Абдулазиз Камиловдун Кабулга сапары тууралуу үн ката элек.
Буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган делегациясы 23-сентябрда Кабулда "Талибандын" өкүлдөрү менен жолугушкан. Расмий билдирүүлөргө ылайык, Масадыков анда Кыргызстандын элинин атынан ооган калкына гуманитардык жүк жеткирип барган.