Ссылки доступа

Мэр: Таштанды полигонуна 10 млн. евро коротулуп, эч нерсе жасалган эмес


Борбор калаанын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан бөлүнө турган 22 млн. евронун 10,5 миллиону коротулган.

Бул тууралуу 7-октябрда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди. Жунушалиев таштанды таштоочу жайды рекультивация кылуу үчүн акча коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын сындады.

“Силер баарыңар күбө болуп жаткандай ал жакта эч нерсе өзгөргөн жок. Биз тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө суроо көтөрдүк. Таң калычтуусу тендерди эстониялык компания утуптур. Алардын сайтын караганыбызда таштанды менен иштегенин көргөн жокпуз. Бирок тендерди утуп алышкан”, - деди Жунушалиев.

Бишкек мэри тендерди утуп алган эстониялык компанияга өз дооматтарын жөнөткөнүн белгилеп, алар милдетин так аткарбаган учурда келишимди бузуп, соттошууга чейин бара турганын кошумчалады.

Буга чейин таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган. Долбоордо таштандыны кайра иштетүүчү ишкана салынары каралган. Европа өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын жарымы насыя түрүндө берилет.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен. Бишкектеги шаардык таштанды жайы 1978-жылдан бери иштеп жаткан. Учурунда 400 миң кишиге эсептелген. Учурда Бишкек шаарында миллиондон ашык киши жашайт.

XS
SM
MD
LG