Ссылки доступа

Казакстанда HOLA News сайтынын бөгөттөлүшүнүн себеби иликтенүүдө


Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева HOLA News порталынын бөгөттөлүшүнө байланыштуу Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өндүрүш министрлигине билдирүү жөнөттү.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Hola News порталынын бөгөттөлгөнүнө төрт күн болду.

"Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги ресурстун ачылбай калганынын себебин аныктоо үчүн Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өндүрүш министрлигине билдирүү жөнөттү. Алдын ала маалыматтар боюнча ресурсту санартиптик өнүгүү министрлиги жапкан эмес", — деди Балаева.

Анын айтымында, министрлик Казакстан мыйзамдарын бузбаган ЖМКлардын ишине кедергисин тийгизбейт.

Казакстанда HOLA News жаңылыктар порталы 5-октябрдан бери ачылбай калган. Редакция сайтка чабуул жасалган болушу ыктымал деп эсептейт.

Сайтка хостинг кызматын көрсөткөн PS.kz интернет компаниясы маселе байланышты камсыздаган провайдер тарабынан жаралганын кабарлаган.

HOLA News редакциясы бөгөт маалында жаңылыктарын жана материалдарын соцтармактардагы баракчаларына жарыялап турарын билдирди.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG