Ссылки доступа

Казакстанда 13 активисттин төртөө беш жылга соттолду


11-октябрда Алматыдагы Алмалы райондук соту "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүн уюштурган" жана “ага катышкан” деп айыпталган 13 оппозициялык жаранга өкүм чыгарды.

Сот прокурордун суроосун канааттандырып, төрт кишини 5 жылга түрмөгө кесип, калган тогузунун эркиндигин 1 жылдан 2 жылга чейин чектеди. Мындан тышкары аларга коомдук-саясий иштер менен аралашууга 3 жылга тыюу салынды. Соттолуучулар тагылган айыпты мойнуна алышкан жок.

Асхат Жексебаев, Кайрат Клышев, Абай Бегимбетов жана Ноян Рахимжанов орто режимдеги колонияда жаза өтөйт.

Өкүм менен макул болбогон айыпталуучулар менен алардын адвокаттары доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.

Бул иш боюнча сот жараяны 27-июлда башталган. 13 активист бийликти ачык сындап, ар кыл нааразылык акцияларына катышып жүргөн. Алардын көбү өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө партиясы" кыймылдарынын ишине катышууга айыпталган.

Активисттер алгач "экстремисттик уюм түзүү" беренеси боюнча айыпталышкан. Кылмыш кодексинин 182-беренесинде 17 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Кийинчерээк сот ишти кайра кароого жөнөтүп, 182-берене алынып салынган.

Жергиликтүү активисттер ушул аптада Казакстанга келген Евробиримдиктин өкүлдөрүн "аталган саясий ишке назар буруп, казакстандык аткаминерлер менен жолугушуу учурунда саясий куугунтуктоо маселесин козгоого" чакырып жатышат.

XS
SM
MD
LG