Ссылки доступа

Чехиянын президенти реанимацияга жаткырылды


Акыркы бир нече күндөн бери саламаттыгы начарлап кеткени кабарланган Чехиянын президенти Милош Земан жекшемби күнү ооруканага жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

Күн мурун өлкөдөгү парламентик шайлоонун жыйынтыгы чыгып, оппозиция добуштардын көбүн алганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, Земан Прагадагы ооруканага шаардын четиндеги резиденциясынан алып келинген. Интернетке жарыяланган видеолорго ылайык, президент ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген.

Оорукананын башкы дарыгери журналисттерге Земан реанимацияда экенин ырастап, бирок анын диагнозу боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып, 77 жаштагы президенттин боору ооруп жатканын кабарлашкан. Земан сентябрдын ортосунда да ооруканага жатып чыгып, ошондон бери эл алдына чыга элек болчу. Шайлоодо ал резиденциясында добуш берген.

Земан жекшемби күнү өзүнүн саясий союздашы эсептелген премьер-министр Андрей Бабишти кабыл алгандан көп өтпөй ооруканага жеткирилген. Бабиштин партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен парламенттеги эң чоң фракция бойдон кала берет, бирок министрлер кабинетинин жаңы курамын өз алдынча курай албайт. Бүгүнкү күндө өкмөттү түзүү тууралуу оппозициялык эки коалициянын өкүлдөрү сүйлөшүп жатышат.

Мыйзам боюнча президент узак убакыт өз милдетин аткара албаса, парламент аны кызматтан кетириши мүмкүн. Андан соң жаңы шайлоого чейин анын ыйгарым укуктары парламенттеги палаталардын башчылары менен премьер-министрдин ортосунда бөлүштүрүлөт.

XS
SM
MD
LG