Ссылки доступа

Өзбекстан космодромдун курулушу үчүн Орусияга жумушчуларды жөнөтө баштады


Өзбекстан Восточный космодромун куруу үчүн Орусияга 1466 мигрант жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Өзбекстандын Эмгек миграциясы боюнча агенттигинин өкүлү Ортикхужа Норов жалпысынан Восточный космодромунун курулушуна 5 миң өзбек жумушчусун жөнөтүү пландалып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчуларды Орусиянын Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери тандайт — алардын саламаттыгы жана Орусияга кирүүгө тыюу салынган-салынбаганы текшерилет.

Буга чейин Орусиянын курулуш министринин орун басары Никита Стасишин жакында Өзбекстандан 10 миң жумушчуну алып келүүнүн жол-жобосу бекитиле турганын, аларга "Спутник Light" вакцинасы сайыларын билдирген.

Видео

Видео

Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечими
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG