Ссылки доступа

Өзбекстандын бийлиги Эгемендик монументинин курулушуна $6 млн короткон — булак


60 метрлик Эгемендик монументи
60 метрлик Эгемендик монументи

Өзбекстандын бийлиги Ташкент облусунун Кибрай районундагы Эгемендик монументинин курулушуна канча каражат кеткени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

Ташкент мэриясы болгону курулуш иштерин түрк компаниясы 63 күндүн ичинде эле аяктаганын билдирди.
Эгемендик монументи жакында эле өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгынын алдында президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда ачылган “Жаңы Өзбекстан” сейил багынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан.

Авторлордун айтымында, монумент өзбек элинин 3 миң жылдык тарыхын чагылдырат. Бийиктиги 60 метрди түзгөн эстеликтин долбоорун Outdoor Factory – Acik Hava fabrikasi деп аталган түрк компаниясынын дизайнери Синан Тураман иштеп чыккан.

Өзбек өкмөтүнө жакын булактардын айтымында, логистикалык чыгымдарды эсептебегенде, монументтин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 6 миллион долларга жакын каражат жумшалган. Темир конструкциясынан тартып монументтин алдына тигилген көчөттөргө чейин Түркиядан алып келинген. Түрк адистери болоттон жана жезден жасаган 300 тонналык конструкция Өзбекстанга 85 жүк унаасы жана 16 учак менен жеткирилген.

Маалыматка караганда, монументтин долбоору Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевге байланышы бар компаниялар аркылуу ишке ашырылган.

Бирок Outdoor Factory – Acik Hava fabrikasi компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча директору Дарья Балжи алар долбоорду ишке ашырууну ачык тендерден утуп чыккандан кийин башташканын билдирди.

Эстеликтерди жана тематикалык сейил бактарды даярдоо менен алектенген Outdoor factory – Acik Hava fabrikasi компаниясы 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети маалында каза болгондорго арналып тургузулган Анкара шаарындагы мемориалдын да автору болуп эсептелет.

Ташкенттеги Эгемендик монументи чет өлкөдө бюджеттик каражатка даярдалып, Өзбекстанга алып келинген экинчи эстелик. Быйыл Жалолиддин Мангубердинин 50 тонналык эстелиги Орусияда даярдалып, Ургенч шаарына жеткирилген.

XS
SM
MD
LG