Ссылки доступа

Тажикстандагы санаторийде жашап жаткан кош бойлуу ооган учкучу төрөтканага жеткирилди


Ооганстан Аскер-аба күчтөрүнүн Тажикстандагы санаторийде жашап жаткан кош бойлуу учкучу төрөтканага жеткирилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги анын жакындарына шилтеме кылып билдирди.

Душанбеден анча алыс эмес жерде жайгашкан бул мамлекеттик санаторийде дээрлик эки айдан бери Ооганстандан качып келген учкучтар менен аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жашап келишет.

Айрым жергиликтүү басылмалар кош бойлуу учкуч "бардык зарыл болгон медициналык кароодон өткөнүн" жана абалы "канааттандыраарлык экенин" кабарлашты.

Буга чейин Reuters агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөн 29 жаштагы кош бойлуу учкуч санаторийде аял дарыгерлер жок экенине даттанган.

"Эң жакын жайгашкан ооруканага барууга бир саат убакыт керек. Бул жерде УЗИ кылууга мүмкүнчүлүк жок. Мен акушерге бара албайм, балам туткундардыкына окшогон шартта төрөлөбү деп тынчсызданып жатам", - деген ал.

Учкучтун айтымында, ноябрдын ортосунда ал көз жарышы керек экенине карабай, тажик бийлиги анын ооруканага жакыныраак жерге которуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан. "Алар мени ооруканага төрөт жакындаганда алып барып, төрөгөндөн кийин кайра бул жерге алып келишерин айтышты", — деген учкуч.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Тажикстанга качып келген 143 ооган учкучу жана аскер кызматкерлери мамлекеттик университеттердин биринин жатаканасына жайгаштырылып, көп өтпөй тоолуу райондогу санаторийге которулган. Учкучтар АКШ аларды алып кетип, качкын макамын берет деп үмүттөнүшкөн. Бирок белгисиз себептерден улам андай болгон жок.

Өткөн жумада Reuters агенттиги АКШ Тажикстандагы ооган учкучтары менен аскер кызматкерлеринин биометрикалык маалыматтарын топтой баштаганы белгилүү болгонун кабарлаган. Буга чейин Өзбекстандагы ооган учкучтарынын биометрикалык маалыматтары топтолгондон кийин алар өлкөдөн чыгарылып кеткен.

Тажикстандын бийлиги өлкөдөгү ооган учкучтары менен аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу эч кандай маалымат бербей келет.

XS
SM
MD
LG