Ссылки доступа

Түркия Өзбекстанга 200 миң доза "Sinovac" вакцинасын берет


Түркия Өзбекстанга коронавируска каршы вакцинанын 200 миң дозасын жана фавипиравир препаратынан 20 миң куту жөнөтөт.

Dunyo маалымат агенттиги билдиргендей, келишимге өткөн жумада Өзбекстандын Түркиядагы элчиси Алишер Азамхожаев менен Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир кол койгон.

Вакцина менен дары Өзбекстан менен Түркиянын медициналык жардам жөнүндө гранттар келишиминин негизинде берилүүдө.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Анкара Ташкентке кытай өндүрүшүнөн чыккан "Sinovac" вакцинасын жөнөтүп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG