Ссылки доступа

Европа соту Орусиядагы түркмөн активистин мажбурлап мекенине жөнөтүүгө тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын бийлигине 26 жаштагы түркмөн жараны Ахмет Жумадурдыевге карата соттук процедуралар аяктаганга чейин мажбурлап мекенине жөнөтүүгө тыюу салган сот регламентинин 39-эрежеси колдонулганын эскертти. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо борбору кабарлады.

Буга чейин Орусияда жана Эстонияда башкалка суроого аракет кылган мурдагы студент быйыл чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, депортациялык борборго жеткирилген. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын 2055-жылга чейин өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салган.

Түркмөнстанда Ахмет Жумадурдыев күмөндүү "экстремизм" айыбы менен издөөгө алынган. Анын иши боюнча Европа сотуна "Мемориал" укук коргоо борборунун "Миграция жана укук" аттуу түйүнүнүн адвокаты Ольга Цейтлин арыз менен кайрылган.

Быйыл жайында Жумадурдыев чек арадагы дарыядан сүзүп өтүп, Эстониядан башкалка суроого аракет кылганда кармалып, Орусияга өткөрүлүп берилген.

Ивангород гуманитардык-техникалык институтунун мурдагы студенти Жумадурдыев 2017-жылы декабрда мекенинде күмөндүү "диний экстремизм" айыбы менен издөөгө алынганына байланыштуу Пулково аэропортунда кармалган. Бир жылдан кийин прокуратуранын чечими менен эркиндикке чыккан. Анын Түркмөнстанда жашаган бир тууганы ушундай эле айып менен 25 жылга соттолгон. Мындан тышкары Орусияда окуган 11 түркмөн студентине издөө жарыяланып, экөө мекенине каникулга барганда кармалып, 15 жылга соттолгон.

Жумадурдыев "Мемориал" укук коргоо борборуна Орусиядагы укуктук макамы так эмес болуп жаткандыктан (2019-жылы ага качкын макамын берүүдөн, 2021-жылы бул чечим боюнча жазылган арызды кабыл алуудан баш тартышкан), Эстониядан баш калка суроону чечкенин айтып берген.

1-октябрда Кингисеппский шаардык соту Жумадурдыевди чек арадан мыйзамсыз өтүүгө күнөөлүү деп таап, өлкөдөн чыгарылганга чейин камакка алуу жана 20 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөтүү чечимин чыгарган. Өкүм чыккандан кийин ал Санкт-Петербургдун четиндеги Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо жайына жеткирилген.

XS
SM
MD
LG