Ссылки доступа

Өмүр бою эркинен ажыратылган эки тажик жаранынын доо арызы 19-октябрда каралат


Абдурозик Абдукаххоров
Абдурозик Абдукаххоров

19-октябрда өмүр бою эркинен ажыратылган эки тажикстандык жарандын доо арызы каралат.

Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода Кыргызстандын тиешелүү органдарына өкүмдү кайра карап чыгуу боюнча өтүнүч кат жөнөткөнүн билдирди.

"Биз жөнөткөн даттануунун негизинде 19-октябрда апелляциялык сот болот", - деди ал.

Соттолгон жарандардын биринин адвокаты бир аптадан кийин айыптоо өкүмүнө каршы доо арыз караларын тастыктады.

Баткен облусунун Лейлек райондук соту өткөн айда Тажикстандын эки жаранын — Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду өмүр бою эркинен ажыраткан. Алар Жазык кодексинин 380-беренеси – "Тынчтыкка каршы кылмыштар" жана 391-беренеси – "Талап-тоноочулук" боюнча айыптуу деп табылган. Анда Тажикстан бийлиги расмий түрдө реакция жасаган эмес.

Абдурозик Абдукаххоровдун жубайы Наргиса Жабборова 11-октябрда "Озоди" радиосуна маек берип, сотко катышууну каалап жатканын, бирок кыргыз бийлиги чек арадан өтүүгө уруксат бербей койгонун айтты.

Наргиса менен Абдурозик тажик жарандары болуп эсептелет, бирок алар Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында жашашат. Абдукаххоровдун үй-бүлөсү ушул тапта Тажикстанда.

Наргиса Жабборова 23-сентябрда "Озоди" радиосуна күйөөсүн бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен Тажикстандын президенттик аппаратынын башчысына, Согди облусунун жетекчисине жана Башкы прокурорго кайрылганын айткан.

"Мен аягына чейин күрөшөм, күйөөмдүн ак экенин далилдөө үчүн баарын жасайм. Ал кылмышкер эмес", - деген ал.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары быйыл май айында кармашкан.

Быйыл апрелдин аягында жана майдын башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон жаран каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Эки өлкөнүн күч органдары кылмыш иштерин ачышкан.

XS
SM
MD
LG