Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө "Кезби" ишканасынын жумушчулары кайрадан иш таштады


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында мунай өндүрүүчү "ОзенМунайГаз" компаниясына сервистик кызматтарды көрсөткөн "Кезби" ишканасынын жумушчулары кайрадан иш таштады. Бул тууралуу алар 11-октябрда Интернетке жарыялаган видеокайрылууда айтылат.

"Быйыл июлда эмгек талаштарын чечүү боюнча макулдашуу комиссиясында эки тараптуу келишимге кол койгонбуз. Анда кошумча акы төлөө тууралуу жазылган. Бирок бул төлөм сентябрдагы айлыгыбызга кошулган жок. 11-октябрда бул маселени чечебиз деп убада беришкен, бирок убада аткарылган жок. Ошондуктан биз иш таштоону улантабыз", – деген видеодогу жумушчулардын бири.

"Кезби" ишканасынын директору Битим Кезбаев миңден ашык киши иштеген компаниянын жумушчулары иш таштаганын ырастады.

"Иш мыйзамсыз токтотулду. Жөн гана келип, өз талаптарын айтышса, аларды комиссия карамак да. Өткөндө ишкананын иши жети күнгө токтогон. Анда алардын талабын акимчилик аткарып жатканы кабарланган, эми ошолордон талап кылышсын. Мен аларга иш берип, айлык төлөп, эмгек келишимдерин толук аткарып жатам. Жаңы талаптары боюнча убада бергендерден сурашсын. Иштебеген, компанияга киреше алып келбеген кишилерге кантип сыйакы төлөөгө болот? Өкмөт алардын айлыгын 50% жогорулаткан, азыр жаман эмес", — деди Кезбаев.

Июль айында "Кезбинин" жумушчулары бир жума иш таштагандан кийин тараптар макулдашууга келип, алардын талаптары жарым-жартылай канааттандырыла турганы кабарланган.

Анда "КЕЗБИнин" жумушчуларына көрсөтүлгөн протоколдо төмөндөгүлөр жазылган:

- Жумушчулардын айлык акысы 50% (жумушчулар талап кылгандай 100% эмес) жогорулайт;

- План аткарылгандан кийин 25-35% өлчөмүндө кошумча акы төлөө мүмкүнчүлүгү каралат;

- 50 айлык эсептик көрсөткүч (146 миң теңге) өлчөмүндөгү төлөмдөр саламаттыкты чыңдоо үчүн санаторийлерде эс алууга, 30 айлык эсептик көрсөткүч (87 500 теңге) өлчөмүндөгү төлөмдөр Мунайчылар күнүндө жана Эгемендик күнүндө берилип турат;

- Ишкана тиешелүү сертификатталган жабдуулар менен камсыз кылынат.

2021-жылы Казакстандын аймактарында жумушчулар иш таштаган учурлар көп катталды. Негизинен алар маяналарын жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылууда.

Сентябрда төрт иш таштоодон кийин президент Касым-Жомарт Токаев Жаңы-Өзөндө эмгек талаштарын чечүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырган. Анын курамына мамлекеттик органдардын жана "Самрук-Казына" улуттук фондунун өкүлдөрү кириши керек. Бирок талдоочулар комиссияга жумушчулардын өзүлөрүн, укук коргоочуларды жана көз карандысыз кесиптик кошуундардын өкүлдөрүн киргизмейинче, маселе чечилбейт деп эсептешүүдө.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG