Ссылки доступа

Экс-министр: Өзбекстан газды экспорттогон гана эмес, импорттогон өлкөгө да айланышы керек


1-октябрдан тартып Өзбекстандын аймагына жаратылыш газын алып кирген юридикалык жактар бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка өзбек президенти 6-октябрда кол койгону белгилүү болду.

Буга чейин Өзбекстан газды экспорттогон гана өлкө болгон. Өлкө жылына орто эсеп менен 60 миллиард куб метр газ өндүрөт. Анын 40 миллиард куб метри өлкө ичинде керектелсе, калган 20 миллиард куб метри экспорттолот.

Өзбекстандын мурдагы мунай менен камсыздоо министри Анвар Хусаиновдун баамында, иш жүзүндө Өзбекстанга жылына 65 миллиард куб метр газ керек. Бирок саясий кызыкчылыктардан улам бийлик элди газсыз калтырса да, 20 миллиард куб метр газ экспорттойт.

"Президенттин жарлыгына ылайык, эми бул таңкыстыкты жоюуга болот", - деди Хусаинов.

Эксперттердин пикиринде, Өзбекстан түркмөн газын экспорттоого ылайыкташуусу керек. Алардын айтымында, түркмөн газы алда канча арзан, экинчиден, Өзбекстанда 10 миллион куб метр түркмөн газын сактай турган инфраструктура бар.

XS
SM
MD
LG