Ссылки доступа

Тажикстанда жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө жазаны катаалдаштыруу сунушталууда


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 11-октябрда “Административдик мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. Анда жол кыймыл эржесин бузган жөө жүргүнчүлөргө жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда.

«Иликтөөлөр көрсөткөндөй, жөө жүргүнчүлөр транспорттук каражаттардын саны көп автомагистралдарда жол эрежесин бузуп, туура эмес жерлерден жолду кесип өтүп, өз өмүрүн эле эмес, башка кишилердин да өмүрү менен саламаттыгын коркунучка кептөөдө», - деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Тажикстанда жол кыймыл эрежесин бузуу жана авариялык абалды түзүү учурунда эскертүү берүү же 180 сомони (15 доллар) өлчөмүндө айып пул салуу каралган. Парламенттин төмөнкү палатасы мындай чара жетишсиз деп эсептейт. Азырынча жазанын жаңы түрү киреби же жокпу жана айып пулдун өлчөмү канчага чейин көбөйөрү белгисиз.

Расмий маалыматка караганда, былтыр Душанбеде жол эрежесин бузган 183 миң учур катталган, алардын ичинен 36 миңи жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG