Ссылки доступа

Казакстанда активист Бактыбаевдин өлүмүнө байланыштуу иш кайра каралат


Караганды облустук сотунун апелляциялык коллегиясы  активист Галы Бактыбаевдин өлүмүнө байланыштуу чыккан актоо өкүмүнүн күчүн жойду. Буга чейин сот Бактыбаевди атайын буюртма менен өлтүрүүгө айыпталган бир нече кишини актаган.

12-октябрда апелляциялык инстанция кылмыш ишин Караганды сотуна кайра кароого жиберди. Чечимге ылайык, ишти башка судья кароого тийиш. Активисттин өлүмүнө байланыштуу шектелген Атасу айлынын төрт тургуну – ишкер, мурдагы полициячы жана мурун соттолгон эки киши кайрадан сот жообуна тартылат.

Сот жабырлануучу тараптын жана прокурордун өкүмдүн күчүн жоюу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Активисттин эжеси жана адвокат сот арачыларынын бири өзү тууралуу маалыматты жашырганын, дагы бири өкүм кабыл алынып жаткан кезде акылдашуу бөлмөсүнөн чыгып кеткенин айтышкан. Алардын пикиринде, бул өкүмгө өз таасирин берген болушу мүмкүн.

59 жаштагы активист жана коомдук ишмер Галы Бактыбаев 2019-жылы майдын аягында өз үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG