Ссылки доступа

Самарада 69 кишинин ууланышына байланыштуу сот өкүмү чыкты


Самара облустук Сызран райондук соту «Кошелевский посад» түшүм комбинатынын мурунку бөлүм башчысы Валентина Якунинага өкүм чыгарды.

Орусия Кылмыш кодексинин “Байкоосуздан киши өлтүрүүгө себепкер болуу” беренесине ылайык, ал үч жылга эркинен ажыратылды жана эки жылын шарттуу түрдө өтөйт. Муну менен бирге ага жашаган жерин алмаштырууга тыюу салынды. Айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алган.

Сот материалдарына караганда, 2019-жылы 21-мартта түшүм кампасында жумушчулар келемишке каршы күн карамадан жана келемиш уусунан атайын жем даярдашкан. Ал кампанын ичинде сакталган. Кийин дарыланган төрт кап күн карама даны кокустан кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн. Андан 68 киши ууланып, үчөө кайтыш болгон. Уулангандардын ичинен 43 жумушчу өзбекстандык мигрант экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG