Ссылки доступа

Казакстанда "Абу-Даби Плаза" объектисинде иштеп жаткан жумушчулар нааразылыкка чыгышты


13-октябрда Нур-Султандагы "Абу-Даби Плаза" борборунун ички жумуштарына жооптуу WMG компаниясынын ондогон жумушчусу нааразылыкка чыкты.

Алар иш берүүчү маянаны кечиктирип жатканын айтышты. Мындан тышкары пенсиялык төлөмдөр өз убагында фондго түшпөй жатканына даттанышты.

"Айлыкты кечиктирип жатышат. Пенсия төлөмдөрү фондго түшпөгөнүнө алты ай болду. Биз ушул маселелерди көтөрүү үчүн чогулдук. Айлыктан 22 пайыз кармалат, бирок аларды андан ары которушпайт. Ооруканага барсак кабыл алышпайт", - деди Жанарбек Марат аттуу жумушчулардын бири.

Алардын айтымында, адатта маяна ар айдын 10-күнүнө чейин берилет, бирок өткөн айда 15 күнгө чейин кармашкан.

Жумушчулар иштеген жери суук экенин, аларды атайын кийим менен камсыздабай жатканын да белгилешти.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин жумушчулар менен компаниянын өкүлү жолугуп, маяна 15-октябрга чейин берилерин айтты. Ал пенсиялык төлөмдөр да которулуп жатканын, бирин-экин учурлар болушу ыктымал экенин билдирди.

Эмгек инспектору Максат Дуйсенов нааразы жумушчуларга даттанууларын кагаз түрүндө тапшырууну өтүндү.

"Абу-Даби Плаза" курулушу 2009-жылы башталган. Бул долбоор үчүн Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда өкмөт аралык атайын келишим түзүлгөн.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG