Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө "Кезби" ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу токтоду


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы мунай өндүрүүчү "ОзенМунайГаз" компаниясына сервистик кызматтарды көрсөткөн "Кезби" ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу аяктады.

Жумушчулардын айтымында, алар 12-октябрь күнү кечинде кайра ишке чыгышкан.

— Биздин талаптар аткарылып, жумушчулар ишке чыгышты. Кошумча акы толук төлөнмөй болду. Келишимде 25-35 пайыз деп жазылган, бирок бизге болгону 5-10 гана пайыз берип жатышкан. Ошондуктан иш таштаганбыз, — деди өзүн Жолмурат деп тааныштырган жумушчулардын бири.

"Кезби" ишканасынын аткаруучу директору Айгүл Утешова жумушчулардын талабы “негизсиз” болгонун, бирок стимул болушу үчүн норманы аткарбагандарга да бонус төлөнүп берилерин билдирди. Күн мурун компаниянын директору Битим Кезбаев жумушчуларга кошумча төлөмдү өкмөт менен жергиликтүү акимчилик убадалаганын айтып, бонустук төлөмдү ошолордон талап кылууну сунуштаган.

Быйыл июль айында “Кезби” ишканасынын жумушчулары бир жума иш таштап, талаптары жарым-жартылай канааттандырылгандан кийин кайра ишке чыгышкан. Бирок октябрдын башында алар келишимде көрсөтүлгөн кошумча төлөмдөр берилбей жатканына нааразылык билдирип, кайра иш таштаган.

2021-жылы Казакстандын аймактарында жумушчулар иш таштаган учурлар көп катталды. Негизинен алар маяналарын жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылууда.

Эксперттер өлкөдө иш таштоо учурлары көбөйгөнүн иш берүүчү менен жумушчулардын ортосунда көпүрө боло турган көз карандысыз кесиптик кошуундардын жоктугу менен байланыштырып жатышат.

Сентябрда төрт иш таштоодон кийин президент Касым-Жомарт Токаев Жаңы-Өзөндө эмгек талаштарын чечүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырган. Анын курамына мамлекеттик органдардын жана "Самрук-Казына" улуттук фондунун өкүлдөрү кириши керек. Бирок талдоочулар комиссияга жумушчулардын өзүлөрүн, укук коргоочуларды жана көз карандысыз кесиптик кошуундардын өкүлдөрүн киргизмейинче, маселе чечилбейт деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG