Ссылки доступа

Казакстанда COVID-19га каршы вакцинанын үчүнчү дозасы ноябрда сайыла баштайт


Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой калкты коронавируска каршы кошумча эмдөөдөн (ревакцинация) өткөрүүнүн жол-жобосу иштелип чыкканын билдирди.

Министрдин "Фейсбук" баракчасына жарыяланган билдирүүдө өнөктүктү ноябрдын экинчи жарымында баштоо пландалып жатканы жана ал үчүн вакцинанын бир дозасы колдонулары жазылган.

Ревакцинация медицина кызматкерлерине, педагогдорго, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жумушчуларына, күч түзүмдөрдүн жана жабык жайлардын кызматкерлерине, ошондой эле 60 жаштан ашкан жарандарга сунушталат.

Сунушка ылайык, вакцинанын үчүнчү дозасы адам толук эмдөөдөн өткөндөн кийин (эки дозасын тең алгандан кийин) 6-9 айдын ичинде сайылат:

  • Буга чейин вектордук "Спутник V" вакцинасын сайдыргандар 9 айдан кийин инактивдүү Sinopharm, CoronaVac, Hayat-Vax, QazCovid-in же РНК деп аталган жаңы технологияны колдонуу менен өндүрүлгөн Pfizer сыяктуу вакцинаны алууга тийиш;
  • Инактивдүү вакцина сайдыргандар алты айдан кийин вектордук "Спутник V" же Pfizer сыяктуу РНК-вакцинасын ала алат;
  • Ал эми РНК-вакцинасын сайдыргандар алты айдан кийин вакцинанын калган түрлөрүн алса болот.

Цой билдирүүнүн алдындагы суроолорго жооп берип жатып, ревакцинацияда мурда алган вакцина менен эмделүүгө тыюу салынбай турганын, бирок таасири болушу үчүн башка вакцина сайдыруу сунушталарын билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Казакстанда коронавируска каршы дээрлик 7 миллион киши толук эмдөөдөн өттү. Бул үчүн негизинен Карагандада чыгарылып жаткан орусиялык "Спутник V" жана жергиликтүү өндүрүштөгү QazVac вакциналары колдонулууда. Буларды Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) азырынча жактыра элек.

Буга чейин казак бийлиги америкалык өндүрүштөгү Pfizer вакцинасы өлкөгө октябрда келет деп күтүлүп жатканын кабарлаган. Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ жактырган бул вакцина алгачкылардан болуп кош бойлуу аялдарга жана ата-энесинин макулдугу менен 12 жаштан ашкан балдарга сайыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG