Ссылки доступа

Орусия Өзбекстандын 158 миң жаранына "миграциялык мунапыс" жарыялады


Орусиядан депортацияланган 158 миң өзбекстандык жаран "миграциялык мунапыс" алып, кайрадан өлкөгө кирүү укугуна ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, мунапыс Орусиядан соттун чечими менен депортацияланган өзбек жарандарына тиешелүү болбойт.

Буга чейин Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк жумушчулар жетишсиз болуп жатканын бир нече жолу билдирген. Москванын вице-мэри Владимир Ефимов шаарда 200 миң эмгек мигранты жетишсиз болуп жатканын айтса, калаа башчысы Сергей Собянин мигранттардын кетиши инфляциянын өсүшүнө таасир эткенин билдирген. Өкмөттүн вице-премьери Марат Хуснуллин жакынкы эки жылдын ичинде Орусиядагы курулуш иштерине гана 5 миллион эмгек мигрантын тартуу керек экенин айткан.

Күн мурун Орусиянын Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов Орусия Өзбекстан менен Тажикстандан 150 миңден жаранына "миграциялык мунапыс" жарыялаганын кабарлаган. Анын айтымында, бул чечим өлкөдөн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) чечими менен чыгарылган жарандар үчүн гана тиешелүү болот.

"Известия" басылмасы ИИМге шилтеме кылып, 2021-жылдын биринчи кварталында Орусиядан 1345 чет өлкөлүк депортацияланганын маалымдаган. Өткөн жылдын алгачкы кварталында бул көрсөткүч 1139 кишини түзгөн.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы мартта мигранттардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Быйыл март айында кызматкерлери 250 кишиден ашкан жана кирешеси 2,5 миллиард рублдан кем эмес компанияларга чет өлкөлөрдөн жумушчуларды алып келүүгө уруксат берилген.

Май айында Өзбекстан менен Тажикстандан жумушчуларды тартууга киргизилген чектөөлөр толук алынган, бирок бул да жардам берген эмес, анткени бүгүнкү күнгө чейин аларды аба транспорту менен гана алып келүүгө мүмкүн.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG