Ссылки доступа

Казакстанда Кичи Талдыкөлдүн 20 гектар аянты көлмө катары калат


Казакстандын экология, геология жана табигый ресурстар министри Сериккали Брекешев Талдыкөл аймагынын кеминде 20 гектары көлмө катары калат деп маалымдады.

– 9-октябрда акимчилик менен жыйын өткөрдүк. Кичи Талдыкөл көлмө иретинде калууга тийиш деген орток чечимге келдик. Акимчилик көлмөнү чегин аныктайт. Азыр көл табигый түрдө соолуп жатат. Акимчилик аймакта рекреация аймагын курат. Көлгө жасалма жол менен суу жиберилет. Көлдүн түбүн тереңдетүү иштери да жүрөт, - деди министр.

Нур-Султанда Талдыкөлдү сактап калуу боюнча бир нече айдан бери талаш жүрүүдө. Акимчиликтин тапшырмасы менен ал жерде көлдүн жээги көмүлүп, турак жай комплекси курула баштаган. Экоактивисттер буга каршы чыгышкан.

Алар мамлекеттик экологиялык комиссиянын маалыматтарына таянуу менен Талдыкөлдүн аянты 601,9 гектарды түзөрүн, бийлик анын 20 гектарын гана калтырууну пландап жатканын айтып коңгуроо кагышууда.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG