Ссылки доступа

АКШ комиссиясы Өзбекстандагы диний негиздер менен камалган 2 миңден ашык адамды аныктады


АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы 13-октябрда Өзбекстанга байланышкан кезектеги баяндамасын жарыялады.

Анда өзбек түрмөлөрүндө диний себептер менен камалган 2 миңден ашык киши бар экени, алардын 81инин тек-жайы аныкталганы жазылган.

Баяндаманын автору, АКШ Конгрессинин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча баяндамачысы Стив Свердлов 81 кишинин көбү абакта кыйноого алынып же башка кемсинтүүгө кабылганын билдирди. Алардын басымдуу бөлүгүнө "өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатуу аракети", "тыюу салынган адабиятты сактоо жана жайылтуу", "тыюу салынган диний топторго мүчө болуу" сыяктуу айыптар тагылган.

Свердловдун айтымында, сотто бул 81 кишиге карата ишенимдүү далилдер келтирилген эмес. Алардын көбү кыйноого, кемсинтүүгө кабылып, соттук териштирүүлөр маалында адвокат берилген эмес. Мындан тышкары айрымдарынын камактагы мөөнөттөрү мыйзамсыз узартылган.

Өзбекстандын бийлиги камактагы мындай адамдардын саны жана тек-жайы тууралуу маалыматтарды эч качан жарыялаган эмес. Баяндамада көрсөтүлгөн жаңы сандарга ылайык, Өзбекстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен диний негиздер менен камалган адамдардын саны боюнча биринчи орунга чыгууда.

Стив Свердловдун айтымында, Өзбекстандын Кылмыш кодексинде өлкөнүн эл аралык укуктук милдеттенмелерине каршы келген бир нече берене бар. Жогорудагы адамдардын көбү ошол беренелер боюнча соттолгон. "Өзбекстандын Кылмыш кодекси Кримовдун тушундагыдай бойдон калууда. Ошондуктан көйгөйлөр дагы деле көп", - деди баяндаманын автору.

Ошол эле маалда Свердлов бийликке Шавкат Мирзиёевдин келиши менен 50гө жакын мурдагы аткаминердин жана диний негиздер менен соттолгон башка жүздөгөн адамдын эркиндикке чыкканын жогору баалады.

"Бирок аларга карата актоо өкүмүн чыгаруу маселеси ачык бойдон калууда. Саясий негиздер менен соттолгон адамдардын бирөө да акталган эмес. Өкмөт бул маселени талкуулаган да жок", - деди ал.

Өзбекстандын бийлиги өлкө абактарында диний же саясий негиздер менен камалган адамдар бар экенин четке кагып келет. Өкмөттүн бул позициясы бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин да өзгөргөн жок.

XS
SM
MD
LG