Ссылки доступа

Казакстанда HOLA News сайты кайрадан иштей баштады


Казакстанда 10 күндүк чектөөдөн кийин HOLA News сайты кайрадан ачыла баштады.

“HOLA News сайтынын бөгөттөлгөнү үчүн расмий түрдө эч ким жоопкерчилик алган жок. Колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга рахмат. Сайт кайрадан ачыла баштады”, -деп жазылган редакциянын “Инстаграмдагы” баракчасында.

Казакстанда HOLA News жаңылыктар порталы 5-октябрда ачылбай калган. Редакция сайтка чабуул жасалган болушу ыктымал экенин билдирген.

Сайтка хостинг кызматын көрсөткөн PS.kz интернет компаниясы маселе байланышты камсыздаган провайдерде экенин кабарлаган.

Редакция өз билдирүүсүндө дайыма мыйзам чегинде иш жүргүзгөнүн жана коомдогу олуттуу маалыматтарга калктын көңүлүн буруп келгенин билдирген. Ошол эле маалда акыркы учурларда сайт бир нече жолу ар кыл чабуулга кабылганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG