Ссылки доступа

Душанбеде дээрлик жарым тонна маңзат менен кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү соттолууда


Душанбе шаардык соту дээрлик жарым тонна маңзат менен кармалган трансулуттук кылмыштуу түйүндүн мүчөлөрүнүн ишин карай баштады.

Бул топко 23төн 57 жашка чейинки алты киши кирген. Аны “Азизи хонасоз” каймана аты менен белгилүү душанбелик Азизулло Абдуллоев жетектеген. Маңзат сатуучулар быйыл 20-июлда Курман Айт белгиленип жаткан күнү кармалган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 13-октябрда трансулуттук кылмыштуу түйүн көп убакыттан бери Ооганстан маңзатын Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европага жөнөтүп турганын кабарлаган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн наркы 6 миллион доллардан ашык 473 килограмм маңзат, анын ичинен 79 килограмм героин алынган.

Азизулло Абдуллоев жана анын шериктери “арам акчаны адалдоого” айыпталууда. Топтун мүчөлөрүнүн бири Өзбекстан жараны экени белгилүү болду. Дагы экөө мурда эл аралык издөөгө алынган.

Топтун башчысы, 46 жаштагы Азизулло Абдуллоев Тажикстанда “Бунёдкори аср” курулуш компаниясын жетектейт. Компаниянын кызматкерлери алардын башчысы кармалганын тастыкташты.

Тажикстан ИИМи Азизулло Абдуллоев 2005-жылы Орусияда алдамчылык жана мыйзамсыз маңзат жүгүртүү айыбы менен соттолгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG