Ссылки доступа

Politico: Өзбекстан тынымсыз аракеттери менен Вашингтондо имиджин көтөрө алды


Өзбекстан Вашингтон менен Ташкенттин ортосундагы мамилени бекемдөө үчүн агрессивдүү маалымат кампаниясын жүргүзүүдө жана бул саясат өз жыйынтыгын берүүдө. Бул тууралуу 13-октябрда Politico басылмасы билдирди.

Басылма Өзбекстанга келген делегациянын курамында Пентагондун өкүлдөрү да болгонун жазды. Алар Ташкентте коопсуздук тармагында кызматтыштыкты кеңейтүү жана Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин туруктуулукту камсыздоо маселелерин талкуулап жатышат.

Politico Конгресстеги жана Пентагондогу булактарына таянуу менен күн тартибинде АКШнын контртеррордук күчтөрүн аймакка жайгаштыруу маселеси турганын билдирди.

Байдендин администрациясы бир нече айдан бери бул маселе боюнча Ооганстан менен чектеш өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок кеңири маалымат айтыла элек.

Өткөн жумада төрт республикачыл конгрессмен Ташкентке келип, президент Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.

12-октябрда Тышкы иштер боюнча өкүлдөр палатасынын төрагасы Грегори Микс өзбек өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG