Ссылки доступа

Казакстандын делегациясы Кабулга жөнөп кетти


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-октябрда өлкө делегациясы Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарына жөнөп кеткенин кабарлады.

Маалыматка караганда, делегацияны президенттин эл аралык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханов жетектеп кетти.

"Сапардын алкагында казак элинен Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле соода-экономикалык алака-катышты калыбына келтирүү маселеси талкууланат",- деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Анда казак ТИМи тараткан кабарда "Талибан" деген сөз колдонулган эмес. Расмий баяндамада Муттаки "Ооганстандагы өткөөл өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу" деп аталган.

Ал арада Казакстан БУУнун ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү өнөктүгүнө кошулары күтүлүүдө.

Борбор Азия аймагындагы мамлекеттерден Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан "Талибан" менен мамиле куруу зарыл деген турумду билдирген.

Тажикстан талибдер түзгөн өкмөттү тааныбай турганын айтып келет.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG