Расмий билдирүүгө караганда, "Казакстан президентинин атайын өкүлү Ооганстандын азыркы администрациясынын өкүлдөрү Абдул Гани Барадар жана Амир Хан Муттаки менен жолукту". Пресс-релизде "Талибан" кыймылы деген сөз айкашы жазылган эмес
"Ооган элине Казакстан тараптан гуманитардык жардам берүү жана соода-экономикалык байланыштарды калыбына кетирүү маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.
Казакстан делегациясынын башчысы өлкө Ооганстан элине гуманитардык жардам иретинде беш миң тонна ун жөнөткөнүн айтты. Мындан тышкары ал Нур-Султан ооган тарапка казак өндүрүшүнөн чыккан QazVac вакцинасын берүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.
Казак делегациясынын Кабулга болгон сапары жөнүндө маалыматтан кийин соцтармактарда Казакстан ТИМинин маалымат катчысы Айбек Смадияровдун автоматчан ыктымал жоочу-талибдердин арасында түшкөн сүрөтү жарыяланды. Казакстан ТИМи бул сүрөт жөнүндө комментарий бере элек.
Буга чейин Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан.