Ссылки доступа

Тажик адвокаты Бузургмехр Ёровдун жазасы 4 жылга кыскартылды


Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган мунапыска ылайык, белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун жаза мөөнөтү дагы төрт жылга кыскартылды. Бул тууралуу 17-октябрда анын эжеси Хосият Ёрова билдирди.

Бузургмехр Ёров 2016-жылы Тажикстандын Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 28 жылга эркинен ажыратылган.

"2019-жылы Бузургмехрдун түрмө жазасы мунапыс менен 6,5 жылга кыскартылган. Эми мөөнөтү төрт жылга кыскартылды. Дагы 11 жыл жана алты ай жаза өтөйт", - деди Хосият Ёрова.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2017-жылы ал 28 жылга эркинен ажыратылган. Ёровго "көз боёмочулук", "документтерди мыйзамсыз жасоо" жана "президентке акаарат келтирүү" сыяктуу бир нече айып коюлган.

Буга чейин Европа биримдиги жана Европарламенттин депутаттары Ёровду бошотууну талап кылышкан.

Бузургмехр Ёров Вахдат колониясында жазасын өтөөдө. Туугандарынын айтымында, ал түрмө китепканасында иштөөдө.

XS
SM
MD
LG