Ссылки доступа

FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган


Кытай августта өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү гиперүндүү ракетасын сынаган. Бул тууралуу Financial Times басылмасынын өз булактары билдирип, бул Америка чалгынын "күтүүсүз кырдаалга" кептегенин белгилешти.

Гезит жазгандай, ракета жашыруун сыноо учурунда бутага жете алган эмес, бирок "гиперүндүү куралды иштеп чыгууда болуп көрбөгөндөй укмуш прогресс" көрсөткөн.

"Алар муну кантип жасаганын такыр түшүнгөн жокпуз", - деген өз булак.

Басылманын маектештеринин божомолунда теориялык түрдө ракета Түштүк уюлдун үстүнөн өткөн болушу мүмкүн. Бул түндүк уюл багытына ыктаган АКШнын ракетадан коргонуу системасы үчүн көйгөй жаратышы ыктымал.

Пентагон сыноо жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартып, бирок Кытайын аскердик активдүүлүгүнө тынчсызданып жатканын ырастады. АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрү "аймактагы жана анын тышындагы чыңалуунун өсүшүнө шыкакчы болорун" билдирди.

Кытайдын АКШдагы элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй Бээжиндин аскердик саясаты коргонуу мүнөзүндө экенин айтты. Анын билдиришинче, АКШ сыяктуу эле Бээжиндин да "аскердик операциялар боюнча глобалдык стратегиялары жана пландары жок". Ал АКШ акыркы убакта кытай коркунучу тууралуу "жомок ойлоп тапты" деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG