Жыйындын жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын натыйжалуулугун арттыруу маселеси, ошондой эле акыркы күндөрү коронавирус мектеп окуучуларына жуккан учурлар көбүрөөк каттала баштаганы талкууланды.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылдагы өлкө бюджетинде коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө жана вакцина сатып алууга 3 триллион сум каралса, бүгүнкү күндө бул каражат толук сарпталып бүткөн.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматына боюнча өлкөдө жалпысынан 18 жаштан жогорку курактагы 21,45 миллион киши эмдөөдөн өтүшү керек болсо, 12-октябрга карата алардын 3 миллион 290 миңи толук вакцина алган. Дагы 7 миллион 240 миң кишиге вакцинанын экинчи дозасы сайылса, 12 миллион 400 миң киши биринчи дозасын алган. Бул үчүн жалпысынан 22,95 миллион доза вакцина колдонулган.