Ссылки доступа

"Талибан" Тажикстан менен чектеш аймагына жоочуларын жөнөткөнү айтылууда


 "Ансоруллах" тобунун жоочулары
"Ансоруллах" тобунун жоочулары

“Талибан” кыймылы (бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган) 130 жоочудан турган тобун Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Шахрибузург уездине жөнөттү.

Бул тууралуу “Озоди” радиосунун өз булактары билдирди. Шахрибузург Тажикстандагы Шамсиддин Шохин району менен чектеш жайгашкан.

“Озодинин” өз булактарынын билдиришинче, Бадахшандын борбору Файзабад аркылуу Шахрибузургга “Ансоруллах” тобунун жоочулары жана Душанбеде эл аралык издөөгө алынган “тажик талибдери” жөнөтүлгөн.

“Махди Арсландын 130 жоочусу Файзабаддан дароо Шахрибузургга жөнөтүлгөн. Талибдердин 70 кишиден турган дагы бир тобу Шугнанда жайгаштырылды”, - деп билдирди Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун чек ара башкармалыгынын өкүлү.

Шахрибузург уездинин жашоочулары Тажикстан менен чек арада беткапчан жоочуларды көрүшкөнүн тастыкташты.

Шахрибузургда жоочулардын көбөйгөнүн Ооганстандын мурдагы аскер кызматкери да ырастады.

“Күн мурун Шахрибузургдагы балдар менен сүйлөштүм. Алар “коноктор” келгенин айтышты. Мен кимдер экенин сураган жокмун. Балдардын айтканына караганда, келген жоочулар өтө көп”, - деди ал.

“Талибан” жоочулары бир айдан бери Ооганстандын Бадахшан провинциясында аскердик машыгууларды өткөрүүдө жана иш-чара учурундагы видеолорду соцтармактарда таратууда.

XS
SM
MD
LG