Маалыматка караганда, бул жардам вакциналарды бөлүштүрүү, вакцина тууралуу жалган маалыматтар менен күрөшүү, коронавируска каршы лабораториялык системаларды бекемдөө, Казакстандын вакциналарды жеткирүү жана пайдалануу даярдыгын жогорулатуу үчүн бөлүнөт.
- Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Казакстанга 6,8 миллион доллар жардам берилди, бул каражат да аталган суммага кошулду, - деп билдирди АКШ элчилиги.
АКШнын дипломатиялык миссиясы кабарлагандай, USAID коронавируска байланыштуу темалар боюнча беш миңден ашуун медициналык кызматкерди окуткан.
Кошмо Штаттар жыйырма жылдан ашык убакытта Казакстанга 2 миллиард доллар, анын ичинде кургак учук жана СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү сыяктуу саламаттыкты сактоо программаларын колдого 92,8 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.