Ссылки доступа

Таласта айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты


Таласта бүгүн, 18-октябрда такси жана оор жүк ташуучу автоунаалардын 30дан ашуун айдоочусу облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Талас - Тараз - Суусамыр жолунун четинде жүргөн мал ээлерине чара көрүүнү жана жол чырактарын түнкү учурда өчүрбөөнү суранышууда. Ошондой эле, мал-жандыкка жарык чагылдыруучу тасмаларды байлап коюуну өтүнүшүүдө.

Айдоочуларды облус башчысы Бакытбек Нарбеков кабыл алып, атайын жадыбал түзүп, мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана тасмаларды байлоо боюнча тапшырмалар берилерин билдирди.

15-октябрда Талас районунда жол кырсыгынан сегиз кишинин өмүрү кыйылган. Кырсык Талас - Тараз - Суусамыр жолунун 61-чакырымында, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылына жакын жерде, түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Айрым айдоочулар кырсыкка талаада жүргөн мал себепкер болушу мүмкүн деген пикирде. Ошол эле күнү Манас районунда дагы бир киши машине сүзүп кетип каза тапкан.

Кыргызстанда быйыл сегиз ай ичинде 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болгон. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жараат алган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG