Ссылки доступа

Казакстанда активисттер Улуттук банктын алдында түнөштү


Казакстанда расмий каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" активисттери 19-октябрга караган түнү өлкөнүн Улуттук банкынын алдында түнөшкөнүн билдиришти. Алар бийликтен жапырт кредиттик мунапыс берүүнү талап кылып келишет.

Активист Айгерим Тлеужандын айтымында, кечээ имараттын кире беришине темир тосмолор орнотулуп, алардын ичкери кирүүсүнө уруксат берилген эмес. Кечкисин күтүүсүздөн алар турган имараттын алдындагы аянтты жууй башташкан.

Активисттер акция бүгүн да улана турганын билдиришти. Бирок азырынча анын кайсыл жерде өтөрү белгисиз, анткени Улуттук банктын кире беришиндеги аянт тосулган.

"Казакстандын демократиялык партиясынын" активисттери Нур-Султанга Алматыдан бир нече күн мурда келип, бийликке бир катар талаптарды коюшкан:

  • коллектордук компаниялар берген көйгөйлүү насыяларды кечүү;
  • жеке жактардын банкроттуулугу тууралуу мыйзамды кабыл алуу;
  • активисттер чогултуп келген банктарда карызы бар 100 миң адамдын арызын кароо жана алар боюнча чечим чыгаруу;
  • ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган коллектордук компаниялар менен сот арачаларынын жоопкерчилигин кароо;
  • кичи насыя берүү уюмдардын пайыздык чендерине мамлекеттик көзөмөл киргизүү.

Буга чейин активисттер Улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаев менен Каржы базарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Мадина Абылкасымованын отставкага кетишин талап кылышкан.

Демократиялык партиянын өкүлдөрүнүн Улуттук банктын алдындагы алгачкы акциясы 12-октябарда өткөн. Кийинчерээк бир нече активист "майда бейбаштык" беренеси боюнча айыпталып, айып пул төлөөгө милдеттендирген. Активисттер Аружан Дуйсебаева беш суткага, Айгерим Тлеужан эки суткага камакка алынган.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG