Ссылки доступа

Тажикстандын Жогорку соту сегиз жаштагы кыздын өлүмү боюнча өкүм чыгарат


Тажикстандын Жогорку соту Рудаки районунун сегиз жаштагы тургуну Руфейда Иноятованын өлүмү боюнча ишти карап бүттү.

Кылмышка маркум кыздын 30 жаштагы коңшусу Рахматулло Гадоев айыпталууда. Ага карата сот өкүмү бүгүн чыгат деп күтүлүүдө.

Бул иш боюнча сот жараяны жабык өттү. 18-октябрда сот айыпталуучу менен анын адвокатынын акыркы сөзүн укканы кабарланган.

8 жашар Руфейда Иноятова быйыл 4-июлда Рудаки районунун Навобод айылында өлтүрүлгөн. Жакындарынын айтымында, ал чоң апасынын үйүнөн 20-30 метр аралыкта жайгашкан ажатканага чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинки күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жиликтенген сөөгүн табышкан.

Мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө 30 жаштагы Рахматулло Гадоев шектелүүдө. Соттук териштирүүлөр маалында анын адвокаттары жана туугандары менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

Руфейданын өлүмү ири коомдук резонанс жараткан. Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоп, балдарга зомбулук көрсөтүүнү глобалдык көйгөй катары аташкан.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG