Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амон тогуз жылга соттолду (видео)


Иззат Амон
Иззат Амон

Быйыл жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон тогуз жылга эркинен ажыратылды.

Анын адвокаты Саидбурхон Шарипов Душанбе шаардык сотунун бул чечимин "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди.

""Алдамчылык" беренеси мунапыс тууралуу мыйзамга киргизилгендиктен, ага ырайым берилет деп күтүп жатканбыз. Соттун бул чечимине таң калып турабыз. Ошондуктан өкүм боюнча апелляция беребиз. Бул өкүм мыйзамсыз, эч кандай мыйзамга жана нормативдик актыларга туура келбейт", - деди ал.

"Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган укук коргоочунун жакындары да өкүмдү адилетсиз деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, туугандары жабырлануучуларга кылмыш ишинде көрсөтүлгөн сумманы толугу менен төлөп беришкен.

"Эмнеге атама мунапыс мыйзамы колдонулбаганы боюнча сурообуз жоопсуз калууда. Биз бардык материалдык чыгымды төлөп бергенбиз. Башка берене боюнча айыптоолор жок болчу. Эмнеге мунапыс берилген жок?", деди Амондун уулу Махмадюсуф Холов.

Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү соттон Амонду тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирип келишет.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.

XS
SM
MD
LG