Ссылки доступа

Ашхабадда полициянын ондогон "байкоо пункттары" курулат


Ашхабад полициясы (архив сүрөт)
Ашхабад полициясы (архив сүрөт)

Түркмөнстанда баш калаа Ашхабад шаарына полициянын байкоо пункттарын курууга тендер жарыяланды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин буйрутмасы менен Курулуш жана архитектура министрлиги жарыялаган тендер тууралуу билдирүү Türkmenistan гезитине жарыяланды.

Gündogar.org басылмасы мамлекеттик ЖМКларга шилтеме кылып, жалпысынан Ашхабадда 20 байкоо пунктун куруу пландалып жатканын кабарлады. Алар тартипти камсыз кылуу, жарандардын жеке жана мүлктүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн алдыңкы технологиялар менен жабдылат.

"Түркмөнстан хроникасы" басылмасынын маалыматына караганда, былтыр да ушундай эле тендер жарыяланып, анын мөөнөтү эки жолу узартылган. Анда курула турган объектилер "коомдук тартипти камсыз кылуучу көзөмөл-өткөрмө пункттар" деп аталган. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов мындай атайын пункттарды түзүү тапшырмасын 2020-жылы апрелде коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Чарымырат Амановго берген. Анда өлкөнүн мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги күнү-түнү укук коргоо кызматкерлери нөөмөттө тура турган көзөмөл пункттары Ашхабаддын калк жыш жайгашкан аймактарына куруларын кабарлаган.

Көзөмөл пункттарын куруу үчүн кезектеги жолу тендердин жарыяланышы Түркмөнстанда коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр күчүндө турган кезге туш келди. Өлкөдө августтан бери базарлар менен кызмат көрсөтүү жайлары жабык. Калк арасында чектөө чараларынын сакталышына көзөмөл күчөтүлүп, беткап тагынбагандарды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөдө локдаун бери дегенде эле 1-ноябрга чейин созулушу мүмкүн экенин кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG