Ссылки доступа

Шайлоо алдында "Озодликтин" кабарчылары коркутууга кабылууда


"Азаттык" радиосунун өзбек редакциясынын ("Озодлик" радиосу) кызматкерлери президенттик шайлоо алдында көптөгөн коркутууларга туш болууда. Бул тууралуу маалымат басылманын сайтында жарыяланды.

16-октябрда 30 мүнөттүн ичинде "Оздоликтин" Телеграм-каналына журналисттерди жана алардын туугандарын коркутуп-үркүткөн ондогон билдирүүлөр жазылган. Билдирүүлөр баш кесүү, сексуалдык зомбулук жөнүндө опузалар жана порнография менен коштолгон. Айрым комментарийлерде "Оздоликтин" чыныгы максаты – Өзбекстанда козголоң чыгаруу, тынчтыкты бузуу жана президенттин кадыр-баркын кетирүү" экени айтылган.

Коркутуп-үркүтүүлөр жашыруун аккаунттардан келип түшкөн, бирок кызматкерлер кеминде эки билдирүү соцтармактарда бийликтин саясатын үгүттөгөн аккаунттардан жазылганын аныкташкан.

Эркин Европа/Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай өзбек кызматына жолдонгон опузаларды "жийиркеничтүү" деп атап, Ташкентти көз карандысыз ЖМКларды коркутуу тактикасын токтотууга чакырды.

Өзбекстанда "Азаттыктын" өзбек кызматынын сайты 2019-жылдан бери бөгөттөлгөн.

Өлкөдө президенттик шайлоо 24-октябрга белгиленген. БШК каттаган беш талапкердин арасында Либералдык-демократиялык партия көрсөткөн азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар. Анын атаандаштары социал-демократиялык "Адолат" партиясынан Бахром Абдухалимов, Экологиялык партиядан Нарзулло Обломурадов, Демократиялык партиядан Алишер Кодиров жана Элдик-демократиялык партиядан Максуда Ворисова болот.

Видео

Видео

Миграция ордуна үндүк бизнесин тандаган жубайлар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
XS
SM
MD
LG