Ссылки доступа

Казакстанда диссидент акын реанимацияга түштү


Казакстанда 15 жыл абакта отуруп, жакында эле эркиндикке чыккан диссидент акын Арон Атабек кайрадан ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына анын карындашы Разия Нутышева билдирди.

Анын айтымында, Арон Атабектин абалы өткөн жуманын аягында начарлап кетип, жакындары тез жардам кызматын чакырууга аргасыз болушкан. Акын жеке ооруканага жеткирилип, дарыгерлер аны реанимация бөлүмүнө жаткырышкан.

— Абалы анча эмес. Ал тамактана албайт. Оорусу күчөп жатат. Ооруканадан чыкканда кийин аны он күнгө жакын үйдө дарылаганбыз. Анда ал кайра ооруканага баруудан баш тартып койгон. Үйдөгү дарылоо натыйжа берген жок, абалы начарлады. Адатта ал эч нерсеге даттанбайт эле, бирок өткөн жума күнү деми кысылып жатканын айтты. Катуу ооругандыктанбы, кайра ооруканага барууга макул болду, — деди Нутышева.

Анын айтымында, агасы азыр жамалма дем алдыруу аппаратына тутаташтырылган.

Атабектин карындашы акын кайсы жеке ооруканада экенин айткан жок.

1-октябрда Павлодар шаардык соту Арон Атабектин ден соолугуна байланыштуу анын өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган. Акын ошол эле күнү кечинде жүргүнчү ташыган учак менен Алматыга жеткирилген.

Арон Атабек 2006-жылы болгон Шанырак окуялары боюнча 18 жылга соттолгон. Быйыл февралда Европа парламенти Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу резолюция кабыл алып, Нур-Султанды өлкөдөгү саясий туткундарды, анын ичинде Атабекти да бошотууга чакырган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет.

Атабек "жапырт баш аламандык уюштуруу" айыбын четке кагып, бийликтен аны толук актоону жана компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Ал ага тагылган айыптардын баарын ушак деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG