Ссылки доступа

Түркияда түркмөнстандык эки активист кармалды


Түркмөн активисттеринин акциясы. Нью-Йорк шаары, 30-сентябрь 2021-жыл
Түркмөн активисттеринин акциясы. Нью-Йорк шаары, 30-сентябрь 2021-жыл

Түркияда түркмөн өкмөтүнө каршы нааразылык кыймылга мүчө эки түркмөнстандык активист камакка алынды. Буга байланыштуу Адам укуктары боюнча Түркмөн-Хельсинки фонду билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы Ахмет Рахманов 18-октябрда Түркияда жашап туруу мөөнөтүн узартуу үчүн Миграция кызматына барганда кармалган. "Бүгүн аны депортация борборуна жөнөтүшкөнү белгилүү болду", - деп жазылган билдирүүдө.

35 жаштагы Камил Абулов 18-октябрда кечке жакын Стамбулдагы батиринде кармалып, ал да депортация борборуна жеткирилген. Полиция кызматкерлери Абуловдун жубайына аларда Түркмөнстандын консулдугу кармап берүүнү өтүнгөн 28 кишинин тизмеси бар экенин айтышкан.

Рахманов социалдык түйүндөрдөгү оппозициялык "Түркмөнстандын демократиялык тандоосу" тайпаларынын администратору болчу. Буга чейин ал Интернетте түркмөн өкмөтүн ачык сындап келген.

Абулов быйыл түркмөн активисттери менен бирге Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясын өткөрүүгө аракет кылган учурда кармалып, кайра бошотулган.

27-сентябрда Түркияда белгилүү түркмөн активисти Дурсолтан Таганова да кармалып, депортация борборуна жеткирилген. 29-октябрда ал эркиндикке чыгарылган. Активист "Азаттыктын" түркмөн кызматына берген маегинде түрк бийлигинде белгисиз себептерден улам Түркмөнстанга депортациялана турган 25 кишинин тизмеси бар экенин билдирген.

Ал ортодо Түркмөнстанда полиция менен атайын кызмат өкүлдөрү чет өлкөлөрдө жүргөн активисттердин жакындарына карата басымды күчөтүшкөнү кабарланууда. Алар суракка чакырылып, сырттагы жакындары өкмөттү сындоону токтотушу керектиги тууралуу талаптар коюлууда.

XS
SM
MD
LG