Ссылки доступа

Тажикстанда сегиз жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган тургун өмүр бою эркинен ажыратылды


Тажикстандын Жогорку соту Рудаки районунун сегиз жаштагы тургуну Руфейда Иноятованын өлүмү боюнча ишти карап бүтүп, 19-октябрда өкүм чыгарды.

Маркум кыздын ата-энеси "Озоди" радиосуна 30 жаштагы айыпталуучу Рахматулло Гадоев өмүр бою эркинен ажыратылганын билдиришти.

"Биз сот өкүмү менен толук макулбуз. Башынан эле анын өмүр бою соттолушун талап кылып келгенбиз", - деди кыздын атасы Валижон Иноятов.

Азырынча бул боюнча Жогорку сот расмий түрдө кабар бере элек. Бул иш боюнча сот отурумдары жабык өткөн.

8 жашар Руфейда Иноятова быйыл 4-июлда Рудаки районунун Навобод айылында өлтүрүлгөн. Жакындарынын айтымында, ал чоң апасынын үйүнөн 20-30 метр аралыкта жайгашкан ажатканага чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинки күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жиликтенген сөөгүн табышкан.

Мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү катары үй-бүлөнүн 30 жаштагы коңшусу Рахматулло Гадоев кармалган. Соттук териштирүүлөр маалында анын адвокаттары жана туугандары менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес.

Руфейданын өлүмү ири коомдук резонанс жараткан. Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоп, балдарга зомбулук көрсөтүүнү глобалдык көйгөй катары аташкан.

XS
SM
MD
LG