Ссылки доступа

Ташкентте Ислам цивилизация борборунун курулушу 42,5 млн долларга кымбаттап кетти


Ацияларынын 51,1%  Өзбекстандын курулуш министри Батыр Закировдун үй-бүлөсүнө таандык «Трест-12» компаниясына Ислам цивилизация борборун куруу үчүн 1,7 трлн сум ($161,5 млн) бөлүнөт. Бул сумма  долбоордун буга чейин жарыяланган суммасынан $42,5 миллионго көбүрөөк.

Жергиликтүү басылмалар 11-октябрда Ташкент мэриясы менен «Трест-12» компаниясынын ортосунда Ташкенттин Алмазар районунда борбордун курулушу боюнча жаңы келишим түзүлгөнүн жазышты.

Ислам цивилизация борборунун курулушу Өзбекстан президентинин 2017-жылдагы токтомунун негизинде башталган. Аны курууга Өзбекстандын курулуш министри батыр Закировдун уулу жана жубайы ээлик кылган «Трест-12» компаниясы тандалган.

Жаңы келишимде долбоорду ишке ашырууга 1 трлн 723 млрд сум (161 млн доллар) бөлүү каралган. Документте 2018-жылдан бери курулушка 650 миллиард сум жумшалганы, калган иштин наркы 1 млрд 100 млн сумга бааланганы жазылган.

Президенттин токтомунда курулушка өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усманов демөөрчүлүк кылары белгиленген. Ал долбоорго 100 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Өзбекстандагы Ислам цивилизация борбору Ташкенттеги Хазрати Имам комплексинин айланасындагы 7 гектер аянттагы жерде курулууда. Үч кабаттуу имараттын узуну – 145 метр, туурасы – 115 метр, борбордук мунарасынын бийиктиги­– 64 метр.

Борборду куруу үчүн жер бөлүүгө үч жыл мурун Ташкентте 250дөй үй түрттүрүлгөн.

Өзбек бийлиги көптөгөн миллиарддык долбоорду куруу үчүн кандай негизде министрдин үй-бүлөсүнө тиешелүү компания тандалып алынганы боюнча комментарий берген эмес.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG