Ссылки доступа

Соттолгон укук коргоочу Иззат Амондун апасы тажик бийлигин ишти кайра карап чыгууга чакырууда (видео)


9-жылга эркинен ажыратылган укук коргоочу Иззат Амондун апасы уулун күнөөсүз деп эсептейт. 77 жаштагы Ашурбиби Холова Тажикстандын жогорку жетекчилиги бул ишке кийлигишсе, өкүмдүн жокко чыгарыларынан же жумшартыларынан үмүт артууда.

“Менин уулум эч кимди алдаган эмес. Ушул убакыт аралыгында балама даттанып эч ким үйүмө келген жок. Биз Иззатты бошотуу үчүн гана иште көрсөтүлгөн сумманы төлөдүк. Биз анын эркиндикке чыгышын күтүп жатканбыз, бирок андай болгон жок. Мен Тажикстандын президентинен бул ишти кайра карап чыгууга тапшырма беришин суранам”, - деди Ашурбиби Холова.

Душанбе соту 19-октябрда укук коргоочу, Москвадагы “Тожикон” борборунун жетекчиси Иззат Амонду 9 жылга эркинен ажыраткан.

"Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган укук коргоочунун жакындары да өкүмдү адилетсиз деп эсептешүүдө.

Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде камалган.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.

XS
SM
MD
LG