Ссылки доступа

Amnesty International пандемия сөз эркиндигин чектөөгө себеп болгонун билдирди


Amnesty International укук коргоо уюму пандемия дүйнөдө сөз эркиндигине кандай таасир бергени тууралуу кезектеги баяндамасын жарыялады.

Укук коргоочулардын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө бийлик коронавируска каршы күрөшүүгө киргизилген чектөөлөрдү сөз эркиндигин кысымга алуу жана сын-пикирлерди токтотуу үчүн колдонууда.

Уюм өзгөчө сынга алган өлкөлөрдүн ичинде – Беларус, Бразилия, Венгрия, Египет, Иран, Испания, Италия, Кытай, Орусия, Сербия, АКШ, Өзбекстан, Франция, Перс булуңундагы жана Африка менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттер бар.

Баяндамада дүйнөдө туура эмес маалыматтардын көбөйүшү менен бирге бир топ өлкөлөрдө сөз эркиндигине чабуул күчөгөнү, бул элдин так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгону белгиленген.

Баяндамада Кытай бийлиги Ухань шаарында коронавирус тууралуу алгачкылардан болуп айтып чыккан медиктер менен жарандык журналисттерге кысым көрсөткөнү, бир топ адамга кылмыш ишин ачканы жазылган. Ошондой эле, Орусия былтыр жазында "жалган жаңылыктарга" байланыштуу мыйзамын дагы күчөткөнү белгиленген.

Өзбекстанда дүрбөлөң жараткан жана мамлекетке зыян алып келген маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик пандемияга чейин эле болгон. Бирок дал ушул коронавирус жайылып жаткан маалда мыйзам катаалдаштырылган. Мындан ары ушул өндүү маалыматтарды тараткан кишилер беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Укук коргоочулар бул мыйзамдар оорунун жайылуу деңгээлин жана саламаттык сактоо систамасынын чыныгы абалын жашыруу үчүн колдонулуп жатканын белгилешүүдө.

Amnesty International уюму дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мындай чектөөлөр ушул күнгө чейин уланып жатканын, жаңы чаралар соңку бир канча жылдан бери адам укуктарын бутага алган аракеттердин бир бөлүгүнө айланганын билдирген.

XS
SM
MD
LG