Ссылки доступа

Тажикстандын жашоочулары электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда (видео)


Тажикстанда күнүнө ондогон киши "Озоди" радиосуна кайрылып, электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда. Бийлик "лимит" киргизилгенин четке кагып, жарыктын үзгүлтүккө учурашын ремонт иштери менен түшүндүрүүдө.

Душанбеден беш чакырым алыстыкта жайгашкан Жалолиддин Балхи маалесинин жашоочулары бир нече күндөн бери электр кубаты чектелүү өлчөмдө берилип жатканын айтышты. Бул мааледе 200 үй-бүлө жашайт.

"Мынча гидроэлектр станцияларды кимдер үчүн курушту? Биз электр кубаты үчүн өз убагында акча төлөйбүз. Биздин жаныбызда "Рогун" жана "Нурек" ГЭСтери турат, биз болсо жарыксыз отурабыз", - деди жергиликтүү жашоочу Парвина Юсуфова.

"Барки точик" мамлекеттик энергохолдингинин өкүлдөрү жогорку кубаттагы электр өткөрүү линиялары менен көмөк чордондордо кышка карата ремонт иштери жүрүп жатканын айтууда.

Душанбе жана административдик борборлордон башка аймактарда жашоочулардын баары электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканын билдирүүдө.

Тажикстанда акыркы жолу электр энергиясына чектөө быйыл 5-январда киргизилген. Анда "Барки точик" энергохолдинги лимит айыл жерлерине гана тиешелүү экенин айкан. Электр жарыгы толугу менен 4-майда калыбына келтирилген.

"Барки точик" компаниясын калк жарык жана жылуулукка муктаж болуп турган маалда электр энергиясын коңшу өлкөлөргө сатууга айыпташууда.

Жители регионов Таджикистана жалуются на отключения электричества
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

XS
SM
MD
LG