Ссылки доступа

Тажикстанда Орусиянын 201-аскердик базасынын жоокери изделүүдө


Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен Шамсиддин Шохин районунда Орусиянын 201-аскердик базасынын жоокери изделүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы ("Озоди" радиосу) өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Сергей Чекалин аттуу жоокер ушул жуманын башында "Момирак" полигонуна аскердик машыгууга барганда качып кеткен. Азырынча качкан учурда анын жанында куралы болгон-болбогону боюнча маалымат жок.

Орусиянын 201-аскердик базасынын жетекчилиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгындагы өз булак Шамсиддин Шохин районунда орусиялык базанын жоокери изделип жатканын ырастады. Учурда Чекалиндин сүрөтү район тургундарынын арасында таратылып, изделүүдө.

"Алгач, бизден бул кишини көргөн жоксуңарбы деп сурашты. Жок десек сүрөттү берип, көрүп калсаңар кабар бергиле деп айтышты. Дагы бир нече сүрөттү ашканада тамак ичип отурган адамдарга да беришти" - деди район борборундагы ашканалардын биринде иштеген Гулдаста аттуу тургун.

Шамсиддин Шохин району Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан жана Ооганстан менен чектешет. Учурда жабык турган чек араны ооган тараптан "Талибандын" жоочулары көзөмөлдөп турушат.

18-октябрда Тажикстанда орус, армян, кыргыз, казак, беларус жана тажик аскерлеринин катышуусунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгуулары башталган. 23-октябрга чейин созула турган машыгуулар ооган чек арасына жакын жайгашкан "Харбмайдон" жана "Момирак" полигондорунда өтүүдө.

Тажикстандагы 201-аскердик база Орусиянын кургактагы аскер күчтөрүнүн чет өлкөлөрдө жайгашкан эң ири базасы. 2012-жылы кол коюлган келишимге ылайык, базанын Тажикстандагы жайгашуу мөөнөтү 2042-жылга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG