Ссылки доступа

Талибдер митингди чагылдырган журналисттерге кол салышты


"Талибан" кыймылынын жоочулары Кабулдагы митингди чагылдырып жаткан журналисттерге кол салышты.

21-октябрда 20дай аял баш калаанын көчөлөрүнө өз укуктарын талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Алар "Иш, нан жана билим" деген ураандарды чакырып турушту.

Көп өтпөй талиб жоочуларынын бири окуяны чагылдырып жаткан чет элдик журналистти тапанчасы менен чаап, андан соң тээп жиберген. Дагы бир башка жоочу журналистти бир муштаганын "Франц-пресс" агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жыйынтыгында бери дегенде эле митингди чагылдырып жаткан эки журналист жаракат алган.

"Талибдер аялдарды да, чет элдик, жергиликтүү журналисттерди да сыйлашпайт", - деди акциянын уюштуруучуларынын бири Захра Мухаммади.

Азырынча "Талибан" кыймылы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык коомчулук тааныган бийликти кулатып, августтун ортосунда өлкө башына келген "Талибан" кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сыйланарын билдирген.

БУУ баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары талибдер өз убадаларына турбай, аялдарга иштөөгө, ал эми кыздарга билим алууга мүмкүнчүлүк бербей жатышканын айыптап келишет. Ошондой эле Ооганстандын жаңы бийлиги сөз эркиндигин чектеп жатканы үчүн сынга кабылып келет.

Ушул тапта Ооганстандагы 34 провинциянын бешөөндө гана кыздарга орто мектепке барууга уруксат берилген. Аялдардын көпчүлүгүнө жумушка барууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG